• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Мадумаров: 12 жылдык окутуу системасын колдоого даяр эмеспиз

13 Чын куран 2022 16:12 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштады. Бул өзгөрүүлөр качан, кандай шартта ишке ашары тууралуу толугураак маалымат бериле элек.

Депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, 12 жылдык окутуу системасы биздин талапка такыр туура келбейт.

«Бекер отурганча бирдеке ойлоп чыгарыш керек да. 12 жылдык окутуу системасы биздин талапка такыр туура келбейт. 11 жыл ичинде эмне окутаарын билбей жатышат. Министр жаңы кызматка дайындалганда Болон системасынан кайтууга, мектептердеги башталгыч класстарды советтик системага өткөрүүгө макулбуз деген. Кызматка келгенден кийин 12 жылдык окутууга өтөбүз дегени туура эмес. Биз «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууга белсенип жатабыз»,-деди Мадумаров.

Количество просмотров: 2964