• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаров абакта калтырылды

22 Бирдин айы 2024 13:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 22-февралда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду абакта калтырды.

Анын адвокаттары саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арыз берип, сот аны канааттандырган жок.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 2023-жылдын 26-октябрында эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Учурда Мадумаровдун иши сотко өтүп, анда күбөлөр көрсөтмө берүүдө. Анын жактоочусу Ольга Жукова процессте жалпы 65 күбө сурала турганын билдирген.

Количество просмотров: 111