• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Мадумаров адамдарды түндө барып кармап кетүүнү токтотуу керектигин айтты

9 Бирдин айы 2022 10:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаров укук коргоо органдарынан адамдарды түнү менен кармоону токтотууну айтты.

Мадумаров «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча өз пикирин айтып жатып, ал жарандарды укук коргоо органдарынан коргоо керек болуп калганын билдирди.

«Эгерде кандайдыр бир себеп болсо бизге кат менен кайрылса болмок. УКМК болобу же милиция болобу, түндө барып баса калганды токтотушса да. Күндүз эле барып, жакшынакай болуп сүйлөшүп келсе болот го. Түндө барып бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыратып кыйнагандын эмне кереги бар? Ураимов бир жакка качып кетеби, же ал күчтүү бир террористпи, кылмышкер же мамлекеттен бир тыйын уурдаган кишиби? Ал өзүнөн кичүүлөргө да өмүрү үнүн көтөрбөгөн жигит. Анан түндө барып кармап кеткенди качан токтот. Же бул бир адам аркылуу башкаларга ишаарат кылуубу. Мен 100 пайыз ишенем ага тагылып жаткан айыптар жукпайт», — деди депутат.

Кечээ, 8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалды. УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 470