• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаров Атамбаев менен Жээнбековду кошуп сындады

11 Бештин айы 2019 18:20 Бишкек Govori.TV

Ал өз сөзүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине 6 жыл опазицияда тургандыгын билдирди.

Эгерде мыйзам туура иштегенде Атамбаев ал жолго барбаш керек болчу. Коюлуп жаткан дооматтар канчалык деңгээлде туура деген суроо жаралат. Юридикалык маселе болсо, өзүнүн жүргүзүү эрежелери болот. Ал эми саясий өңүттөн болсо, анда башка түскө ээ болот. Соңку жылдарда Атамбаев мына ушул системаны өзү түзгөн. Биринчи адамды камап коюп, анан актанып алгыла деген окуялар көп . Ошол кезде Башкы прокуратура эң негизги күч болуп берген. «Бирөөгө ор казсаң тайыз каз өзүн түшөсүң» деген сыяктуу өздөрү түзгөн системанын курмандыгы болуп жатышат. Атамбаевдин жолун улайм деп ант ичкен жигит мына ушул жагынан улап жатат,-деп билдирди саясатчы Мадумаров.

Количество просмотров: 103