• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаров: Автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келген жапайчылык

28 Аяк оона 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси эки жашик автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келгени — жапайычылык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан мадумаров билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал да жеңил болбой турат.

«Кечээ облустук теле-компаниядан берди деп жатышат. «Кемпир-Абад кетиптир деп ызы-чуу пайда болду. Биз беш айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен сүйлөшкөнгө чейин кыргыз-өзбек чек ара маселесин токтотуп турууну айткан болчубуз. Президент өзү дагы макул болгон эле. Бирок жең учунан макул болгондугу, аны телеканалдан айтып жибергендиги өлкөдө будуң-чаңды жаратып жатат. Ошондуктан биз мыйзамдарды кароону токтотуп, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга жараша маселе карасак. Өлкөдөгү кырдаал гана эмес Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал да жеңил эмес. Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси эки жашик автомат көтөрүп, парламенттин ичине кирип келгени — жапайычылык. Бул четтен чыккандык. Ар бир кыймыл-аракетке мыйзамдуулук, укуктук тарабынан баа беришибиз керек»,— деди ал.

Количество просмотров: 1598