• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мадумаров: Бүгүнкү жана мурунку бийликтин «чек ара маселеси чечилди» дегени бүтүндөй калп

13 Чын куран 2022 15:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү жана мурунку бийликтин «чек ара маселеси чечилди» дегени бүтүндөй калп. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Депутат белгилегендей, чек араны чечүү үчүн саясий эрк керек.

«Соңку кездерде бийлик пиарга өтүп алган. Барып бир кесе чай ичип келсе деле «тарыхый маселе каралды, 30 жылдан берки маанилүү көйгөй чечилди» деген сөздөрдү аябай чоң пиарга айландырып алды. Ал эми бери жакта тургандар ал маселе бир жолугушуу менен чечилбей турганын билишет. Керек болсо ондогон жылдар бою чечилбей келген оор маселе. Чек араны чечүү үчүн саясий эрк керек. Эсиңиздерде болсо керек. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарында «Ысык-Көлдө отурушуп, бүтүндөй кылым маселеси чечилди» деп жар салышкан, анын баары калп. Бүгүнкү бийликтин «чек ара чечилди, такталды» дегендери жалган. Өткөн жылдагы жолугушууда бул нерсе экинчи кайталанбайт дешкен. Баткенде жаңы салынган 100дөн ашуун үйлөрдүн баары жараксыз. Алар түрк өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилген. Аталган үйлөрдү эптеп кураштырып тургуза коюшкан. Биз жаңы курулуп жаткан мезгилде дагы өз позициябызды айтканбыз. Видео материалдар дагы бар, бирок ошону жарыя кылган азаматтын аркасынан түшүп камашты. Натыйжада баары факт болуп чыкты. Мамлекеттик саясатка мамлекеттик мамиле жасоо керек»,-деди Мадумаров.

Количество просмотров: 2307