• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаров: Бийлик шайлоону жылдырабыз деген менен элдин маанайын байкап жатат

5 Кулжа 2020 19:04 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирди «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

«Ар кандай сунуштар айтылышы мүмкүн. Бирок ошол сунуштардын Конституцияга шайкеш келишин караш керек. Баш мыйзамды карабай туруп, ар кандай ойлорду айта бергендей ал жер эксперимент өткөрчү жай эмес. Ошондуктан ар кандай арам оюндарды чыгарып коюп, ары жактан» ууру мышыктай» кылтыйып карап туруштун аягы жакшылыкка алып барбайт»,-деди Мадумаров.


Эске салсак, төрага Дастанбек Жумабеков буга чейин маалымат каражаттарына берген маегинде эгер күзүндө илдет күчөп, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы пайда болсо шайлоону жылдыруу ыктымал экенин белгилеген. Мындан көп узабай, депутат Дастан Бекешев дагы 2020-жылдын октябрында боло турган шайлоону 2021-жылдын апрель айында өткөрүүнү парламентте сунуш кылган болчу.

Количество просмотров: 339