• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мадумаров: Биз демилгелеген мыйзам долбоору күн тартибине коюлбай жатат

3 Бугу 2023 11:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкектеги Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата уюштурулган жыйында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, алардын мыйзам долбоору парламентте күн тартибине коюлбай жатат.

«Бир нече депутат “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген. Бирок жыйындын күн тартибине коюлбай жатат», — деди Мадумаров.

Буга чейин эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чынгыз Айдарбеков «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген.

Мыйзам долбоорунда фейктер тууралуу мыйзам «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик-процесстик кодексинин жоболоруна каршы келери жазылган. Авторлордун айтымында, ансыз деле мамлекеттик органдардын чечимдерин кароо жана даттануу жол-жоболору такталган.

Демилгечилер интернет тармагында ага карата анык эмес (жалган) маалымат таркатылган арыз ээси интернет тармагындагы сайттын ээсине же сайттын баракчасынын ээсине сайттан же сайт баракчасынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жана мурда жайгаштырылган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жайгаштыруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укук берип, ошол эле учурда маалыматты алып салуу жөнүндө арыз маалыматтын анык эмес (жалган) экендигин негиздеген фактыларды камтууга тийиш деген норманы киргизүүнү сунуштап жатышат.

Кыргызстанда “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы талкуу жаратып келет. Ага 6-чакырылыштын депутаты Гүлшат Асылбаева өзгөртүү киргизүү демилгеси менен чыгып, коомчулуктун сынына кабылган. Аны 2020-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алып, бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кайра карап чыгуу үчүн артка кайтарган.

Ал мыйзамга ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине соттун чечимисиз жалган маалымат тараткан сайтка бөгөт коюу укугун берет.

Көптөгөн талаш-тартыштан кийин мыйзам долбоору 2021-жылы парламентте колдоо таап, ага президент Жапаров кол койгон.

Аталган мыйзамга таянып, Ленин райондук соту “Азаттык” медиасын жабуу чечимин чыгарды.

Количество просмотров: 128