Кечээ, Жогорку Кеңеште “2022-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) жылдык баяндамасы угулган.
Анда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Төрага Нурланбек Шакиев эми бул сунушту тармактык комитет карап, чечим чыгарышы керектигин билдирди.
Аталган фракция бул сунушуна эмне себеп болгонун тактаган эмес. Мындан улам «Акыйкатчы өз милдетин аткара алба калдыбы же анын орду бирөөгө керек болуп калдыбы?»,-деген суроо жаралат.
Бул жагдай тууралуу Жогорку Кеңиштин депутаты Адахан Мадумаровго кайрылып, анын пикирин сурадык. Маекти төмөнкү жактан көрүүнү сунуштайбыз: