Бүгүн, 3-июнда саясатчы Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасы тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.
«2,5 жылга жакын убакыт ичинде бардык иштер боюнча аталасын чыгарып бүттү. 1 кишиге 7 кылмыш иши козголгон, бирөө да аныкталган жок. Сотко чейин келген иштердин көпчүлүгү далилденбей жатат. Саясий буйруктар көбөйүп кеткен»,-деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кеткени кабарланды.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдагандай, Садыр Жапаров прокуратура системасындагы кызматкерлердин ичинен башкы прокурорлукка талапкерди карап жатат.
Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматын 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келе жаткан.