Саясатчы Адахан Мадумаров Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу Мадумаровдун Телеграм- каналына жарыяланды.
Маалыматка караганда, Борбордук шайлоо комиссиясынын Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтоткон чечимине каршы арыз Бишкектин Административдик сотунда 20-майда каралат.
Эске салсак, БШК 26-апрелде сот чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.
26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. 26-апрелде саясатчы Мадумаров камактан чыккан.
Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.