• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мадумаров эртең кайра суракка келет

24 Үчтүн айы 2022 14:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров эртең, 25-январь саат 15:00гө Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.

Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин бир нече жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.

Эске салсак, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге берген маалымат жыйынжа Адахан Мадумаровго байланышкан протокол чыры боюнча эч кандай юридикалык маалыматы жок экендигин билдирип, ал иштин баарын Башкы прокуратура тергеп жатканын айткан.

Количество просмотров: 518