• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мадумаров: ИИМ ишин тегиз аткарыш керек, кээ бир азаматтардын дарегине эмне деген жугундулар куюлган жок

26 Үчтүн айы 2022 17:14 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги өз ишин тегиз аткарыш керек, кээ бир азаматтардын дарегине эмне деген жугундулар куюлган жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

«Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Ал эми акын менен журналистти басып жыгылуу Кыргызстанда адам укугу, мыйзам деген түшүнүктүн жоголуп баратканы. «Күч биз тарапта», «биздин айтканыбыз туура», «биз чечкендей болот» деп көпөстүк менен башкаруу ыкмасына өтүп бара жаткандын белгиси ушул болот»,-деди эл өкүлү Мадумаров.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун баңгизат колдонууга айыпталып, кармалышы коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Айрымдары иликтөөлөр жарыялангандан кийинки бул окуяны «сөз эркиндигине кысым» деп баалашса, Ички иштер министрлиги катардагы кылмышты иликтөө катары түшүндүрүп жатат.

Количество просмотров: 808