• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатат». Жапаров Тажикстан менен чек арадагы талаштуу маселелерди атады

23 Тогуздун айы 2021 13:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Тажикстан менен чек араны тактоо иштери жүрүп жатканын бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Өлкө башчынын айтымында, Тажикстан менен талаштуу үч маселе бар.

“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз каза болду. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Бирөөсү, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар»,-деди ал.

Президент Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө көйгөй жаратып жаткан Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатканын айтты. Ошондой эле Тажикстан менен чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын жана сүйлөшүү жолу менен эки тараптын тең кызыкчылыгында чечилет деген үмүтү бар экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 1668