• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мадумаров: Кумаркана боюнча мыйзам одоно бузуу менен кабыл алынган

4 Бугу 202313:25 Бишкек Govori.TV

Кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоору одоно бузуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкектеги Баш мыйзамды талкуулаган жыйында билдирди.

«Кумаркана боюнча мыйзам долбоору кабыл алынып жаткан учурда ошол кездеги регламент боюнча эгерде каттоодон 80 депутат өтүп, 1 эле депутат добуш бербей койсо добуш берүү болгон жок деп эсептелет. Ушундай талап бар эле. «Бүтүн Кыргызстан» дүңүнөн добуш берген жок. 7 жолу добушка коюшту. 85 депутаттын өкүрүп, кыйкырып жаткан жеринде 5 депутаттын үнү угулабы? Аталган мыйзам долбоору одоно бузуу менен кабыл алынган»,-деди ал.

Эске салсак, оюн-зоок ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кароо коомдо бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы болгондор борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Жогорку Кеңеште да талаш-тартыштар жаралып, парламент бешинчи аракетинде гана кумар оюндары боюнча мыйзамды кабыл алган. Президент Садыр Жапаров казинолор жөнүндө мыйзамга 2022-жылдын 30-июнунда кол койгон.

Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган. Ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларына дагы чектөө кирген. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы жана кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.

Количество просмотров: 134