• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мадумаров Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен мигранттарга мамиле өзгөрбөгөнүн айтты

7 Жалган куран 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-мартта Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгону менен Орусияда кыргыз мигранттарынын социалдык көйгөйлөрү арбын экенин белгиледи.

«Жагдай күн сайын өзгөрүп жатат. Бир ай мурда Орусияда иштеп жүргөн жарандардын өлкөгө акча которуу эрежеси башка болсо, бүгүнкү күндө такыр башка. 1 айдын ичинде өзгөрдү. Биз макулдашууга барардан мурда ойлонушубуз керек. «ЕАЭБдин карамагына кирген жумушчуларга өзгөчө шарт түзүлөт» деп биздин келишимде жазылып турат. Бирок биз кечээ жакында Орусия мамлекетине барып келдик. Өзбекстандын жана башка өлкөлөрдүн жумушчулары менен бирдей кыргыз жарандары көрбөгөн кордукту көрүп турат. Аталган уюмга кошулган Кыргызстанга эч кандай артыкчылыктар каралбаса эмне үчүн кирдик? 22-февралдан тарта өлкөгө Орусиядан акча которуунун көлөмү чектелди. Ушундай күтүлбөгөн жагдайлар келишимиңерде көрсөтүлгөнбү?Ушул сыяктуу келишимдерде «достук» деген жүйө менен биз алдыга чаап кетебиз. Калган өлкөлөр шашпайт. Эң кызыкдар өлкө дагы ратификация жасай элек. Биз кое туралы, калган өлкөлөр өткөрсүн»,-деди Мадумаров.

Количество просмотров: 520