• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мадумаров: Мурда сот аткаруучулар журналистке кол тийгизсе чатак чыкмак

3 Бугу 2023 13:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда «Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү: Кыргызстанда адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо» аталышындагы жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Govori.TVнын кабарчысынын сот имаратынан чыгарылышы боюнча меселе козгоду.

«Govori.TVнын журналистин Бишкек шаардык сотунун сот приставдары имараттан күч колдонуу менен сыртка сүйрөп чыгарганы боюнча маалымат окуп калдым. Мурда сот аткаруучулар журналистке кол тийгизет деп ойлочу белек? жок. Андай болсо чатак болмок. Ал эми бүгүн бул көнүмүш. Мен коомчулук унчукпай калды деп айтканда, биздин окурмандар, угармандар эч кандай реакция кылбай жатканы тууралуу айткам. Толугу менен кайдыгерлик», — деп билдирди ал.

2-майда Бишкек шаардык сотунда сот приставдары тарабынан журналистке күч колдонулду. Шаардык сотто «Кемпир-Абад» иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралмак. Деген менен отурум баштала электе сот приставдары журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, күч колдонуу менен аны сыртка сүйрөп чыгышкан.

Количество просмотров: 66