• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мадумаров: Отунбаеванын элет тууралуу айткан сөзү улуттук баалуулуктарга сокку болду

11 Бештин айы 2019 18:47 Бишкек Govori.TV

Отунбаеванын элет тууралуу айткан сөзү улуттук баалуулуктарга сокку болду. Мындай пикирин саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.

«Роза Отунбаеванын элеттиктерге таккан сыны аман болсун. Бул аялдын биздин коомго зыянынан башка пайдасы жок. Кайсы мамлекеттерде жана кандай жумуш аткарып келгенин билебиз. Бул кишинин жүргөн жери ызы-чуу тополоң. Отунбаеванын айткан сөзүн бүтүндөй улуттук баалулуктарыбызга урулган сокку катары баалашыбыз керек. Бишкекте жашап жаткан азаматтардын 80% айылдан келген. Биз айылдын инсандарыбыз жана ал үчүн сыймыктанабыз. Ошол эле учурда балмуздак жеп, асфальт таптап, жогорку кызматкердин баласы болуп чоңойгон эмеспиз. Биз жата калып арыктан суу ичип чоңойгонбуз»,-дейт Мадумаров.

Количество просмотров: 144