• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мадумаров революция тууралуу сөз кылды (видео)

12 Жетинин айы 2019 11:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол өттү.

Анда жарандык коомдун өкүлдөрү, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Феликс Кулов Өмүрбек Текебаев сыяктуу саясатчылар катышып, 9 пайыздык босого чегин тогуз пайыздан түшүрүүнүн
себептерине токтолуп, өздөрүнүн ойлорун сунушташты.

Мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанар Акаев жана Рыскелди Момбеков иштеп чыккан.

Талкууда саясатчы Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, шайлоодогу босого балын 5%га түшүрбөсө, бул шайлоо кийинки революцияга жол ачат деген пикирини айтты.

«Босогону 3 пайызга чейин түшүрүү маселеси айтылып жатат. Мен мурун да айттым эле жок дегенде 5 пайызга түшүрбөсө ушул шайлоо революция менен бүтөт», — деди Мадумаров.

Количество просмотров: 592