• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мадумаров: Саясий чыңалуу апогейине жетип баратат

30 Кулжа 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Октябрь окуяларына байланыштуу соттун өкүмү тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, күтүүсүз чечим кабыл алынды.

«Бул оюн. Октябрь окуялары башталагандан тарта күндө өз пикирибизди айтып жаттык. Ал жерде юридикалык эмес, саясий маселе. «Бийликти басып алууга аракет болду» дешти. Бийликти басып алгандар отурушпайбы… Тамакты жегенге аракет кылды, ал тамак биздики болчу деген эле сөз да. Казанды уурдап кетип, тамагын жеп жаткандар башка. Юридикалык сөз менен айтсаң түшүнбөйт, мен жөнөкөй эле мисал менен айтып жатам. Дагы бир жолу айтам бул саясий иш-чара. Экинчиден тандалма иш-чара. Үчүнчүдөн көз карандысыз пикирде болуп жаткан азаматтарды коркутуу аракети. Күтүүсүз түрдө ушундай чечим кабыл алынды. Буларга кээ бир кеңешчилер пайда болгон өңдүү. Саясий чыңалуу менимче апогейине жетип баратат. Булардын жаман оюнда ушуларды чыгарып жиберген болсок, кайнап көтөрүлүп келе жаткан сүттүн капкагын ачып койгондой болоорбуз деген ниет болушу мүмкүн»,-деди ал.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум аяктады. Отурумдун жыйынтыгында судья окуянын бардык айыпталуучуларын актады. Соттун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, саясатчы Жеңиш Молдокматов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев, «Социал демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ишинде кылмыштын курамы жок деп табылды. Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иштин алкагында камакта калтырылды. Ал эми Фарид Ниязов сот залынан эркиндикке чыгарылды.

Количество просмотров: 1380