• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаровко каршы Мадумаров баштаган талапкерлер биригишти

29 Бештин айы 202013:03 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев шайлоодо биригип, тандем түзүштү. Бул тууралуу Адахан Мадумаров бүгүн, 29-декабрда билдирди.

Талапкерлер басма сөз жыйын өткөрүп, биригүү тууралуу маалымат беришти.

«Бул документке башка да талапкерлер кол кое алат. Мындай кадамга өлкөдө мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо ниетинде барып жатабыз»,-деди Мадумаров.

Ошондой эле Мадумаров меморандумга кол койгондор өлкөдө башаламандык уюштурбай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда.

Количество просмотров: 513