Бүгүн, 8-декабрда Бишкетин Биринчи май райондук сотунда ЖК депутаты Адахан Мадумаровдун соту өтүп жатат.
Эске салсак, Адахан Мадумаров 2-сентябрда Бишкекте кармалган. УКМК Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.