• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мадумаров төрагага: Жабык эшик артында отуруп алып маселени кабыл алганды койбойсуңарбы

22 Кулжа 2022 15:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда Жогору Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров ЖК төрагасы Талант Мамытовго нааразы болду.

Депутаттын айтымында, айрым фракция лидерлерин төрага кабинетине чакырып, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери чакырылбай калган.

«Эки-үч жолу фракция лидерлерин кабинетиңизге чакырып алып жыйын өткөрүптүрсүз. «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ыйман нуру» эмнеге жок деп сурашса, сиз «алар бары бир колдобойт да» дептирсиз. Жабык эшик артында отуруп алып маселени кабыл алганды койбойсуңарбы. Бул жакшылыкка алып келбейт, теңчилик болгон жакшы го. Мен отурам, башка фракциянын лидерлерин бирден чакырып жатышат. Эмне болду десем, төрага чакырып жатат дешти. Эмнеге десем «казинону өткөрүп бергиле деп жатыптыр» дешти. Бул уят маселе, теңсиздик, адилетсиздик. 90 депутаттын ким экендигине карабай бирдей мамиле жасалышы керек», — деди ал.

Количество просмотров: 608