• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаров Ташиевдин дооматына жооп берди

2 Кулжа 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айткандарына жооп берди.

«Биз Баткен облусуна фракция менен бардык. Баткен районунун, Лейлек районунун акими бизди коштоп жүрдү. Акматов менен сүйлөшөт дейт. Ташматовбу, Эшматовбу ким болбосун карма дагы, аткезчилик кылып жаткан болсо өмүр бою камап сал. Биз баргандан кийин көрүнгөн киши келип арыз-арманын айтат. Жүзүн жашырган жок, силердин кызматкерлерге окшоп чүмбөттөнүп алган жок, сайгактап качкан жок. Түздөн-түз камерага 500 доллар берем десем болбой, миң доллар бер деп айтып атканын бүтүндөй дүйнө укту. Кимге «крыша» болуп жатканымды билсеңиз, четинен алып барып камаңыз. Камаганга устасыңар»,-деди Мадумаров.

Количество просмотров: 2208