• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаров: Тышкы карыз эмес, өлкөнүн ички карызы эселеп өстү

30 Кулжа 2022 16:53 Бишкек Govori.TV

Тышкы карыз эмес, өлкөнүн ички карызы эселеп өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, тейлөө күндөн — күнгө төмөндөп жатат.

«Ички карыз 2022-жылдын ушул мезгилине карата канча пайызга өскөнүн карап көрсөңүздөр болот. Тейлөө күндөн-күнгө төмөндөп бара жатат. «Биз келгенде мынча млрд жыйналып жатат» мунун баары тек гана сан. Туура, азыркы бийлик келгенде күйүүчү майдын баасы 38-40 сом болсо, азыр 70 сом. Демек, салык ошого жараша көтөрүлөт да. Себеби баага жараша төлөйт. Салыктын жыйналышы экономикабыз өсүп кетти деген сөз эмес, баалар көтөрүлүп көтөрүлгөн баага жараша салыктар дагы түшөт»,-деди Мадумаров.

Количество просмотров: 1795