Сурактан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров президент Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткандарына комментарий берди.
«Мен Садыр Жапаров башкы прокурор, сот болуп калганын ушул күнгө чейин билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп, бардык кишилерге аныктама да коюп атыптыр. Муну маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек”,-деп билдирген Мадумаров
Мадумаров бүгүн, 17-январда Башкы прокурага суракка кирген. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары чакырылган.
“Вечерний Бишкек” басылмасы 17-январда президент Садыр Жапаровдун маегин жарыялады. Анда өлкө башчы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол үчүн жооп бериш керектигин айткан.