• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мадумаров Жээнбековду 16 партиянын лидерин кабыл алуусун талап кылды

5 Тогуздун айы 2020 19:24 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров чукул кайрылуу жасап, 16 партиянын жетекчилерин чогулуп, маселени чечүү аракетин көрүү керектигин айтты. Мадумаров ошондой эле шайлоодо мыйзам бузган учурларды аныктоо керектигин белгилеп өттү.

Адахан Мадумаров Ала-Тоо аянтына барып келгенден кийин 2-жолу кайрылуу жасады!Өлкөнүн тагдыры коркунучта, бийлик эсиңе келип, тез арада жыйын өткөрбөсө абал курчуп кетет! Бүтүн Кыргызстан партиясы Жогорку Кеңешке өткөнүнө карабай, шайлоо мыйзамсыз өткөнүн билдирип, кайра шайлоо болуш керек деп талап кылабыз!

Опубликовано Мирбеком Мунарбек Уулу Понедельник, 5 октября 2020 г.

Эске салсак, бүгун 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулган.

Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керектиги айтылып жатат. Акциянын катышуучулар мөөнөтсүз митинг жарыялашып, кайрадан шайлоо өткөрүү керектигин айтышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын  баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.

Количество просмотров: 748