• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаровду жоопко тартуу маселесин караган комиссия качан чечим чыгарат?

19 Кулжа 2023 12:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия бир айдын ичинде тыянак чыгарат. Бул тууралуу Govori.TVга комиссия мүчөсү, депутат Миргүл Темирбаева билдирди.

«Түзүлгөн комиссия 3 ирет жыйынга чогулду. Башкы прокуратурадан, Ички иштер министрлигинен алынган материалдарды кароодобуз. Иштеги документтер толук иликтенип бүткөндөн кийин гана комиссия чечим чыгарат, регламент боюнча бир ай көрсөтүлгөн»,-деди Темирбаева.

Эске салсак, 31- майда парламентке Башкы прокуратурадан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөн.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Количество просмотров: 340