«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Эльмурат Калыбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-ноябрда журналисттерге билдирди.
«Мага телефон аркылуу байланышып, саат 15:00гө суракка чакырышты. Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында дал ушул Бишкек шаардык сотунун алдында Мадумаровдун тарапташтары чогулган. Ошол боюнча тергөөчүгө маалымат беришим керектигин айтышты. Мындан тышкары, Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча көргөзмө берүү керектигин билдиришти. Башка так маалымат беришкен жок», — деди ал.
Белгилей кетсек, Калыбеков KG Эльмурат аты менен белгилүү. Айрым маалыматтарга ылайык, ал саясатчы Адахан Мадумаровдун жээни.