• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Мадумаровдун иши боюнча сотто Исаков, Мамытов, Масалиевдер көрсөтмө берет

1 Бирдин айы 202414:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум уланып жатат.

Маалыматка ылайык, сотко Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов, парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев күбө катары көрсөтмө бериш үчүн келишкен.

Эске салсак, Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. 

Количество просмотров: 88