• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум 30-октябрга белгиленди

19 Тогуздун айы 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Количество просмотров: 119