• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаровдун иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жыйынга качан чогулат?

11 Бирдин айы 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия ишемби күнү жыйынга чогулушу мүмкүн. Бул тууралуу Govori.TVга Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

«Депутаттык комиссия өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 10-февраль күнү түзүлдү. Мыйзам боюнча бир айдын ичинде бир чечимге келишибиз керек. Ишемби же жекшемби күнү алгачкы жыйынга чогулуп, иш планды бекитебиз»,-деди Масалиев.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеште Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү кароо үчүн комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Айбек Осмонов, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Исхак Масалиев, «Ынтымак» фракциясынан Мурадил Сыдыков, «Ишеним» фракциясынан Бахридин Шабазов, «Ыйман Нуру» фракциясынан Динара Ашимова, Элдик топтон Аманкан Кенжебаев, «Альянс» фракциясынан Азамат Исраиловдор кирген.

Мунун алдында башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Ал 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Мадумаров документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтууда.

Количество просмотров: 352