• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мадумаровдун иши: Соттук отурум жылдырылды

28 Бугу 202416:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаардык соту саясатчы Адахан Мадумаровдун апелляциялык арызын каралмак, бирок процесске катышуучу жана жактоочусу келбегендиктен отурум 3-июнга жылды.

«Кыргызстанда кандай чечим болушу мүмкүн? Кандай буйрук берилсе ошондой өкүм кабыл алынат, бирок Баш мыйзамга таянуу менен адилеттик, чындык үчүн күрөшүшүбүз керек»,-деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес.

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Количество просмотров: 136