• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Мадумаровдун карындашы кайрылуу жасады

8 Бештин айы 202315:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун карындашы Халида Мадумарова кайрылуу жасады.

Анын айтымында, туугандары саясатчы менен жолуга элек.

«Жакындары менен жолуктурбай коюшту, а түгүл алыстан караанын көрсөтпөй жатышат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Адахан Мадумаровдун иши каралды. Ал 2024-жылдын 9-февралына чейин камакта калды.

Эске салсак, Мадумаров үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Количество просмотров: 292