• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева 48 саатка камалды

16 Үчтүн айы 2024 21:46 Бишкек Govori.TV

ИИМге суракка чакырылган Temirov LIVE редакциясынын кызматкерлери Махабат Тажыбек кызы жана Айке Бейшекеева 48 саатка камалды. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 573