Дагестандын Саламаттык сактоо министрлиги Махачкала аэропортундагы тополоңдо 20дан ашык адам жаракат алганын кабарлады. Алардын ичинде экөөнүн абалы өтө оор.
Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары бери дегенде эле тогуз полиция кызматкери жабыркап, экөө ооруканага жеткирилген.
Полиция Махачкала аэропортундагы 150 «активдүү тополоңчуну» аныктап, алардын 60ы кармалганын маалымдады.
Дагестандын башчысы Сергей Меликов кечээги окуяларга шыкак болгон бир катар фактылар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эч кимге ырайым болбой турганын айтып, нааразылык акцияларына өлкөнү четтен туруксуздаштыруу аракети себеп болгонун кошумчалады.
Росавиация аэропорт 31-октябрга караган түнү ачыларын кабарлады. Алгач аэропорт 6-ноябрга чейин жабык болот деп болжолдонгон.
29-октябрда антисемиттик нааразылык акциясына чыккан миңге жакын адам Тель-Авивден учак каттамы келер алдында Махачкала аэропортун басып алган.
Булак: centralasian.org