• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Махмудов баш болгон 4 балбан рейтингдик эл аралык мелдешке катышат

27 Бирдин айы 2023 16:55 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү София шаарында (Болгария) өтө турган “Dan Kolov-Nikola Petrov” рейтигдик Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, мелдеш 2-6-март күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг) – ЭДСЧ;
  2. Амантур Исмаилов (67 кг) – ЭДСЧ;
  3. Акжол Махмудов (77 кг) – ЭДСЧ;
  4. Үзүр Жусупбеков (97 кг) ЭДСЧ.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Количество просмотров: 887