• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Бишкек жылуулук борборундагы кырсык. Энергетикадагы кырдаал (түз эфир)

8 Бирдин айы 2024 15:16 Бишкек Govori.TV

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болгон. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат.

Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берген.

Авария учурунда жабыркаган төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга жеткирилди.

Бишкек жылуулук борборундагы кырсыкка байланыштуу айрым жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселе парламентте да көтөрүлдү.

«Бишкек жылуулук борборундагы кырсык. Энергетикадагы кырдаал» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Кубанычбек Исабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери;

Эрнест Карыбеков — энергетика боюнча эксперт;

Расул Умбеталиев — энергетика боюнча эксперт.

Количество просмотров: 476