• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Май айында пенсионерлердин пенсиясы үйүнө жеткирилбейт

12 Бугу 202017:44 Бишкек Govori.TV

Май айында пенсионерлерге пенсия банк картасына которулат же почтадан таратылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында жана дагы бир нече аймакта 25-марттан баштап 10-майга чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Апрель айында мындай режим киргизилген аймактарда пенсияны почтадан алгандарга акча үйүнө жеткирилип берилди.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бардык социалдык милдеттенмелер: айлык акы, пенсия, жөлөк пул өз учурунда жана толук көлөмдө каржыланарын белгилеген.

Количество просмотров: 204