• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Майдан: Абактагы өлүмдөр. Коопсуздук кызматы коопсуздукту сактабай калдыбы? (түз эфир)

23 Кулжа 2022 16:06 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кызматынын абагында он күндө саясат таануучу Марат Казакпаев жана «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев каза табышты. Мындай окуялар УКМКда 30 жылда болгон эмес. УКМКнын абагында эки өлүмдүн катталышы коомчулукта ар түрдүү суроолорду жаратууда. 

Президент Садыр Жапаров Казакпаевдин менен Асанбаевдин УКМКнын тергөө абагында каза табуусун иликтөө үчүн комиссия түзүүнү тапшырды. Комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектөөдө.

«Абактагы өлүмдөр. Коопсуздук кызматы коопсуздукту сактабай калдыбы?»,-деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Жапаров Камалдин Капарович — Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун эксперти;

Ахунбай Кошоев — юрист;

Кеңешбек Дүйшөбаев — УКМКнын мурдагы төрагасы;

Бактыбек Жумашев — юрист.

Количество просмотров: 2233