• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Майдан: Азаттыктын жабылышы сөз эркиндигине болгон сокку (Түз эфир)

1 Бирдин айы 2023 16:22 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» үналгысынын сайты эки айга бөгөттөлгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Кийин маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Арыз сотто 9-февралда каралганы жатат.

Бул арада бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктан» чектөөнү алууну талап кылышууда.

«Азаттыктын жабылышы сөз эркиндигине болгон сокку» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Бакыт Асанов — «Азаттык Медиасынын» жетекчиси;

Аскер Сакыбаева — журналист;

Нурдин Дүйшөнбеков — “Журналисттер” бирикмесинин төрагасы.

Количество просмотров: 1096