• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Майдан: Бүтүрүүчүлөр ара жолдо калды. Министрлик менен менчик мектептин чыры (Түз эфир)

18 Теке 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Токмоктогу «Ай Кью» мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери бир нече күндөн бери президент Садыр Жапаровго, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, аттестат маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

14-июлда Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйын куруп, “Ай Кью” мектеби боюнча маалымат берген. Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектеп лицензиясы жок болгонуна карабастан 84 окуучуну сырттан окутканын билдирген.

Ашимбаева аталган 84 окуучунун мамлекеттик мектептерде 11-классты мыйзамдуу окуп бүтүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк берилерин кошумчалган.

Бирок ата-энелер менен окуучулар буга макул эмес. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, өлкөдөгү менчик мектептердин маселесин козгоду.

«Бүтүрүүчүлөр ара жолдо калды. Министрлик менен менчик мектептин чыры» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Ширин Костюк — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты;

Чолпон Сыдыкова — Токмок шаардык кеңешинин депутаты;

Жакшылык Матанов — «Интеллект» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү;

Алмаз Ибраев- Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо башкармалыгынын башчысы.

Количество просмотров: 2217