Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал бойдон калууда. Базарда азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Былтыркыга салыштырмалуу учурда кунүмдүк керектелүүчү азыктардын баасы жогору. Бүгүн «Майдан» дебатында Баалар эмне себептен кескин өсүп баратат? деген темада талкуу болот.
Катышуучулар: Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Орозбаев Женалы Байсалович, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев, «Манас» университетинин профессору Жусуп Пиримбаев.