• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Майдан: «Бийликке сын айткандар камалып жатат. Соттордун көз карандысыздыгы шек жаратууда» (Түз эфир)

10 Жетинин айы 2022 16:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн да Бишкек шаардык сотунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасын кароо жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча соттук отурумдар уланды.

9-ноябрда онго чукул саясатчы, активисттердин соту болуп анда шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Бүгүн «Майдан» дебатында «Бийликке сын айткандар камалып жатат. Соттордун көз карандысыздыгы шек жаратууда» деген теманын алкагында сөз болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Төлөйкан Исмаилова — укук коргоочу;
  • Замир Жоошев — адвокат;
  • Таттуубүбү Эргешбаева — юрист;
  • Айсулу Айтбаева — Коомдук бирикме «Коомдук иликтөө институтунун» директору.
Количество просмотров: 2320