• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Майдан: Блогерлердин жоопкерчилиги. Сөз эркиндигиби же ээнбаштыкпы?

25 Теке 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда соңку учурда бир катар блогерлер суракка чакырылып, ар кандай басым-кысымга кабылган окуялар катталууда.

Ош шаардык соту 16-июлда блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуу деп чечим кабыл алып, тергөө бүткөнгө чейин камоо тууралуу өтүнүчүн четке кагып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

Карыбек уулунун камалышын айрымдар сөз эркиндигине басым катары бааласа, башкалары анын жүрүм-туруму журналисттик этикага эч бир туура келбейт деп жатышат. Бул чырдан кийин кайрадан блогердердин ишмердүүлүгүн карап чыгуу маселеси козголду.

«Блогерлердин жоопкерчилиги. Сөз эркиндигиби же ээнбаштыкпы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Өмүрбек Сатаев — Жалпыга маалымдоо каражаттарына даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясынын мүчөсү;

Бурул Усманали жарандык активист;

Адиль Турдукулов — иликтөөчү журналист;

Асель Сооронбаева — медиасынчы.

Количество просмотров: 571