• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Майдан: Чакан бизнес тынч эмес. ККМ жана эсеп-фактураларды жоюу талабы күчөдү (түз эфир)

16 Кулжа 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай милдеттүү талап 1-августтан тартып коюла баштайт. Деген менен Салык кодексинин жаңы редакциясынын күчүнө киргенине жарым болгонуна карабай, көзөмөл-кассалык аппараттарга нааразычылыктар токтой элек. Көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразычылык акцияга соодагерлер байма бай чыгып жатышат. Алар кассалык машиналарды жана эсеп-фактураларды жокко чыгарып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшууда.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров митингге чыккандардын арасынан он чакты өкүлдү кошуп алып маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтты. Бирок ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгиледи.

«Чакан бизнес тынч эмес. ККМ жана эсеп-фактураларды жоюу талабы күчөдү» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

  • мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Рахманов;
  • Токмок шаарынын орто жана кичине бизнес ишкерлердин төрагасы Сыдыгалиев Батырбек Камалдинович;
  • ишкер Жанна Ирбулатова;
  • экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов.
Количество просмотров: 1856