12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болуп, 5 тургун жараат алган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди.
Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Чечилбеген чек ара. Карапайым элдин убайын ким тартат?» деген темада талкуу болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары: