• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майдан: “Далил буюмдардын дайынын ким билет?” (Түз эфир)

28 Жетинин айы 2019 17:01 Бишкек Govori.TV

ЖПКнын талабына ылайык, далил зат же буюм сотко чейин  ушул учурда кайда сакталышы керек. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирмейинче же ишти кыскартуу боюнча токтом чыкканга чейин далил буюм иш менен кошо болушу шарт . Коомчулукта 200 миң доллар УКМКда тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кеткени айтылууда. 

УКМК болсо далил зат катары алынган 200 миң доллар тергөө маалында жоголгону тууралуу маалыматты четке кагууда.

Далил буюмдардын орду кайда? Эмне себептен УКМК баш болуп мындай маселе жаралды. Мындан кийин УКМК, прокуратура болобу элдин ишеничи калабы?

Бул тууралуу Govori.TV интернет-телеканалында Майдан аттуу дебаттарды түз эфирде өткөрөт. Дебаттардын темасы: “Далил буюмдардын дайынын ким билет?”.

Тилекке каршы УКМКга кат жөнөткөнүбүз менен, ал жактан бул дебаттарга катышуу үчүн жана өз позициясын билдирүү үчүн бир да адис жиберилген жок.

Мындан тышкары Каржы полициясына да кайрылганыбыз менен натыйжа чыккан жок. Мамлекеттин органдарынан так позициясын элге жеткирүү деген ниети көрүнбөйт.

Количество просмотров: 182