• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Майдан: Эгемендик менен келген демократиянын азыркы абалы

29 Баш оона 2023 18:31 Бишкек Govori.TV

Жарандык активистер, блогерлер мыйзамсыз камалып жатат, публицист Олжобай Шакир камакта, журналист Болот Темиров күчтөп сыртка айдалды. Азаттык жабылып, кайта ачылды. Медиа эркиндиги менен ой-пикир билдирүү эркиндиги басынды. Жарандык коомго жана эркин ЖМКларга каршы мыйзамдар демилгеленди, митингтерди өткөрүүгө тыйю салынды. Ушундай көрүнүштөр орун алып жатканда, бийлик Кыргызстан демократиянын жолунан кайтпай эле сапарын узартып баратат деп айтууда. Силер өлкөдөгү абалга кандай баа берет элениздер?

Бүгүн «Майдан» дебаттарында «Эгемендик менен келген демократиянын азыркы абалы» аттуу темадагы талкуу болмокчу.

Майдандын катышуучулары:

  • Толекан Исмаилова — “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюмунун директору;
  • Орозбек Молдалиев — саясат талдоочу, саясий илимдеринин кандидаты;
  • Табылды Акеров — саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты;
  • Бакыт Бакетаев — саясат талдоочу.
Количество просмотров: 1315