• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Майдан: Эл эмне дейт? Той-аш өткөрүүнү чектеген мыйзам кызуу талкууда

4 Жалган куран 2022 15:10 Бишкек Govori.TV

28-февралда «Той, тажия жана башка иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн. Демилгечи депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоор ысырапкорчулукту, шаан-шөкөттү азайтуу, ошондой эле каражатты сарамжал пайдалануу максатында жазылганын маалымдады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров тажияда мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Бул жарлык коомчулукта кызуу талкууланып, жарлык карапайым калк үчүн гана иштеп, колунда барларга иштебей турганы айтылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлер ишинен алына турганы жазылган.

Бүгүнкү «Майдан» дебатында «Эл эмне дейт? Той-аш өткөрүүнү чектеген мыйзам кызуу талкууда» деген теманын тегерегинде сөз болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Улукбек Ормонов — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Эсенбай Нурушев — коомдук ишмер;
  • Курмангазы Азыкбаев — КРнын эл артисти, коомдук ишмер;
  • Асыкбек Оморов — «Санжыра» борборунун директору, профессор.
Количество просмотров: 1078